Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган студенттер арасындагы «Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси» темасындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

05.05.2022

Бүгүн, 5-майда, Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган студенттер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан USAID «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулган.

 

Бул сынак жаштарды укуктук жактан агартуу жана алардын аң-сезиминде Конституциянын мамлекеттин негизги мыйзамы катары маанисин бекитүү максатында өткөрүлдү.

 

Сынакка республиканын бардык булуң-бурчунан 30дай жогорку окуу жайдан 184 студент катышты.

 

Бардык иштер сынактык комиссияга катышуучунун аты-жөнүн жана окуган жерин көрсөтпөстөн шифрленген түрдө берилген.

 

Сынактык комиссия иштерди баалоодо төмөнкүдөй критерийлерди жетекчиликке алган:

- жаңылык жана материалдын инновациялык түзүүчүсү;

- теманы ачуу деңгээли;

- так жана логикалык баяндоо;

- мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

- креативдүүлүк.

 

Жыйынтыгында сынактык материалдарды баалоонун татаал процессинен кийин Конституциялык соттун судьяларынан жана аппараттын кызматкерлеринен, ошондой эле USAID «Укук булагы» долбоорунун өкүлүнөн турган комиссия байгелүү орундарды төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүү чечимин бир добуштан кабыл алды:

- Карабаев Ислам Азаматович, Кыргызстан Эл аралык университетинин юриспруденция факультетинин 2-курсунун студенти I даражадагы диплом жана ноутбук менен;

- Касымалиева Айзат Сүйүналиевна, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин 3-курсунун студенти II даражадагы диплом жана планшет менен;

- Камчыбекова Нурболсун Тилековна, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетинин 4-курсунун студенти III даражадагы диплом жана смартфон менен сыйланышты.

 

Сынактык комиссия ошондой эле төмөнкү студенттердин сынактык иштерин дагы өзгөчө белгилөөнү чечти:

- Осмоналиева Р.М. – Кыргыз Россия Славян университетинин студенти;

- Мирланова Э.М. – Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык университетинин студенти;

- Аильчинова Б.Э. – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти;

- Адылбекова А.А. – И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенти;

- Сабырбеков Т.Ш. – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти;

- Сулкайдарова Б.Э. – Кыргыз Россия Славян университетинин студенти.