Меню навигации+

“Мен – жаранмын” аттуу интерактивдүү театралдык сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү

10.05.2023

Бишкекте азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата “Мен – жаранмын” аттуу интерактивдүү театралдык сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун демилгеси менен Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) жана “Юристтер адам укуктары үчүн” КФ менен биргеликте “Акыйкат Кареги – сот адилеттиги секторуна мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомдун улуттук тармагы” долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалган.

“Акыйкат Кареги” тармагынын мүчөлөрү адвокаттары тарабынан көтөрүлгөн жана эң аярлуу жарандардын укуктарын коргоого мүмкүндүк берген иш боюнча Конституциялык соттун чечими тууралуу кубанычтуу кабары менен бөлүштү.

Көчөдөгү социалдык сахналаштырылган оюнга волонтерлор, юристтер, адвокаттар, артисттер, бишкектиктер жана борбордун коноктору катышты. Баары биригип, өмүр, укук жана эркиндикти даңазалаган бирдиктүү ишке катышып, биринчи жолу Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө жана Бакыт Алишеровдун обонуна салынган КР Конституциясынын гимни жаңырды.