Меню навигации+

Президент Конституциялык палатанын төрагасын кабыл алды

30.12.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө  Президент Сооронбай Жээнбеков менен Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров адам укуктарын жана эркиндигин коргоодо, укуктук мамлекет орнотууда, өлкөдө мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыздоону күчөтүү ишинде Конституциялык палатанын  ролу жана ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашышты.

 

Мыйзам талабына ылайык Конституциялык палатанын курамы 11 судьядан турууга тийиш, бүгүнкү күндө  10 судья иш алып барууда. “Палатанын иши толук кандуу жүрүшү үчүн анын курамын толук тандоо зарыл. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо маселесин Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамына багыттоо мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Мамлекет башчысы конституциялык көзөмөл жүргүзүп, саясий туруктуулукту камсыз кылуучу орган катары палатанын жогорку ролун  баса белгиледи.