Меню навигации+

Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл Дүйнөлүк конференциясынын 3-Конгресси

07.10.2014

Ушул жылдын 28-сентябрынан 1-октябрга чейин Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Конгресстин 3-конференциясы болуп ѳттү. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын атынан Мукамбет Касымалиев төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы катышып келди.

 

29-сентябрда дүйнөнүн жүздөгөн мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Конгресстин 3-конференциясынын ачылышы болду, анда саламдашуу сөзү менен Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун чыгып сүйлөштү (видео байланыш боюнча). Чыгып сүйлөгөндөр өткөрүлүп жаткан иш чаранын маанилүүлүгүн, БУУнун Уставында жарыяланган максаттарга жетүүдө, социалдык интеграция жана конституциялык сот адилеттигин орнотуудагы ролун белгилешти.

 

Төрага М.Касымалиев менен Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун төрагасы В.Зорькин, Түштүк Кореянын Конституциялык сотунун төрагасы Пан Хан Чул, Латвиянын, Молдаванын, Казакстандын, Өзбекстандын, Украинанын Конституциялык сотторунун төрагалары жана башка расмий адамдар менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында боло турган иш чаранын пландарын жана кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

 

Конституциялык палата Конституциялык соттордун Азиялык Ассоциациясына кирүү маселесин демилгеледи.

 

Ошондой эле Конституциялык палата Молдаванын Конституциялык соту, Түркия Республикасынын Конституциялык соту менен кызматташуу жѳнүндѳ Меморандумга кол коюшту.
Конституциялык палатанын төрагасы М.Касымалиев Кореянын Конституциялык сотуна жана Венеция Комиссиясынын Катчылыгына Конституциялык соттордун Бүткүл Дүйнөлүк Конгрессинин 3-конференциясын жогорку деңгээлде өткөргөнүнө ыраазычылыгын билдирди.