Меню навигации+

Конституциялык палатанын делегациясы Молдова Республикасы жана Латвия Республикасынын конституциялык сотторуна барып келди

25.11.2014

2014-жылдын 16-22–ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери Молдова Республикасы менен Латвия Республикасынын конституциялык сотторуна барып келишти.

 

Бул иш чара аталган мамлекеттердин конституциялык соттор менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жѳнүндѳ меморандумду ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү, ал эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө  жана конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруудагы тажрыйба алмашууга багытталган.

 

Сапардын жүрүшүндө делегациянын мүчөлөрү Молдованын Конституциялык сотунун төрагасы Александру Тэнасе жана Латвиянын Конституциялык сотунун төрагасы Алдис Лавиньш менен жолугушту, барган мамлекеттердин конституциялык көзөмөл органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

Иш сапардын алкагында конституциялык экспертизанын жана сот өндүрүшүнүн тармагында тажрыйба алмашуу жүрдү, негизинен, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери өз суроолорун беришип, өз кесиптештери менен функционалдык багыттары боюнча айрым маселелерин талкуулашты.

 

Кыргызстан, Молдова жана Латвиянын конституциялык сот практикасын жана конституциялык укугун салыштыруу ыкмасын колдонуп, делегациянын мүчөлөрү бул мамлекеттердин конституциялык юрисдикция органдарынын ишмердүүлүгүндөгү жакшы тажрыйбаларын жана мыкты мисалдарын табууга жана аларды андан ары өз ишмердүүлүгүнө колдонууга  өз көңүлүн бурушту.

 

Белгилей кетүү керек, бул сапар БУУнун Ѳнүктүрүү тарабынан ишке ашырылган жана Европа биримдиги тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.