Меню навигации+

Конституциялык палата менен Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ Меморандумга кол коюлду

21.09.2015

Башында Төрагасы М. Касымалиев турган Конституциялык палатанын делегациясы конституциялык сот адилеттиги боюнча Душанбеде 17-20-сентябрда өткөрүлгөн Эл аралык конференцияга катышып келишти. Конференция Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун 20 жылдыгына арналган. Эл аралык конференциясынын ачылышында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон катышты.

 

Делегациянын башчысы М. Касымалиев 4-Сессияда төрагалык кылды, ал эми Конституциялык палатанын судьясы Ч. Осмонова Кыргыз Республикасындагы Конституциялык сот адилеттигинин тажрыйбасы жана перспективасы тууралуу доклад менен чыгып, сөз сүйлөдү.

 

Ошондой эле иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ Меморандумга кол коюлду. Тараптар конституциялык сот адилеттиги тармагындагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүдө жана бекемдөөдө бул документтин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп кетишти.

 

IMG_9603