Меню навигации+

Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү

05.03.2015

Бүгүн 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш чара болуп өттү.

 

Иш чаранын жүрүшүндө Конституциялык палатанын айырмаланган кызматкерлери Конституциялык палатанын ардак грамоталары менен сыйланышты.


Ошондой эле Конституциялык палатанын соттору менен кызматкерлерине Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кошумча билим берүү борборунун, кыргыз жана англис тилдерин окуу боюнча курстарды окуп өткөндүгүн тастыктаган сертификаттары тапшырылды.

 
Белгилей кетүү керек, бул курстар Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ПРООН тарабынан ишке ашырылган «КР ЖС Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.