Меню навигации+

Германия жана Франциядан келген эксперттер Кыргыз Республикасынын сот тутумунун пресс-катчылары үчүн семинар өткөрүштү

03.10.2017




3-октябрда Жогорку соттун имаратында сот органдардын ММК менен өз ара иштешүү боюнча семинар өттү, ал жерден жарыкка чыккан терс маалыматка кандай көңүл бурулушу керек экендиги жана түйүндүү иштер боюнча ММКга маалымат берүү тартиби жөнүндө маселелер каралган. Семинарга Конституциялык палатанын да пресс-катчысы катышкан.

 

Европадан атайын чакырылган Штефан Цантке мырза, Саксониянын (Германия) Цвикау шаарынын жергиликтүү сотунун судьясы, пресс-катчысы жана Дамиан Леваду мырза, Франциядан келген магистрат өз өлкөлөрүнүн бул маселедеги тажрыйбасы тууралуу айтып беришти.

 

Семинар JCI жүзөгө ашырып жаткан «Кесипкөйлүктү арттыруу» компонетти менен бирге Эл аралык кызматташтык боюнча германия коому (GIZ) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемеделишине көмөк көрсөтүү» Европа Союзунун Долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.