Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп дайындалды

11.03.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 7-мартында Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясы) кайрылуусуна байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык «Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары жөнүндө» Буйрукка кол койду. Бул Буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Мамыров Эркинбек Тобокелович Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп дайындалды.