Меню навигации+

Конституциялык палатада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө карата Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү, студентер арасында сынактын жыйынтыктары чыгарылды жана ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи болду

03.05.2019

Бүгүн Конституциялык палатада Бишкек шаарынын 7 ЖОЖунун студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, «Менин жашоомдогу Конституциянын ролу» темасындагы сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты жана ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган иш-чаралар Кыргы Республикасынын Конституциясынын Күнүнө арналган.

 

Ачык эшиктер күнү студенттер үчүн сот имаратында экскурсия өткөрүлүп, анын жүрүшүндө студенттер Конституциялык палатанын ишмердиги менен таанышышты, Конституциялык палатанын судьялары жана Аппараттын кызматкерлери менен пикир алышууга жетишип, аларды кызыктырган суроолорго жоопторун алышты.

 

Андан кийин студенттер арасындагы ар жылдык республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи болду. Сынак мамлекеттин Баш мыйзамынын ролун жана маанисин ачкан мыкты эсселерди жана видероликтерди аныктоо максатында Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдөө боюнча USAID/IDLO Программасынын колдоосу менен Конституциялык палата тарабынан өткөрүлүп келатат.

 

Сынактын жүрүшүндө 96 талапкердин жумуштары келип түшкөн, алардын ичинен 84ү эссе жана 12си видео, жыйынтыгы боюнча I орун Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин 2-курсунун студенти Ж.М. Ысакбековага, II орун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын 4-курсунун студенти Ж.Б. Аскаровго, III орун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын 1-курсунун студенти Азамат уулу Баястанга ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө дипломдор менен баалуу сыйлыктар да берилди.

 

Ошондой эле, Конституциялык палатнын төрагасы Э.Т. Мамыров Конституциялык палатанын судьяларын, Аппарат кызматкерлерин жана чакырылган конокторду Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Күнү менен куттуктады. Төрага куттуктоо сөзүндө Конституциялык палата ар бир чечимде Конституцияда орнотулган негизги баалуулуктарды бекитип жана бекемдеп келерин, аны менен мамлекеттин Баш мыйзамынын үстөмдүгүн камсыз кылып жатканын баса белгиледи.

 

Андан соң Конституциялык палатанын ведомстволук сыйлыктарын тапшыруу салтанаты болуп өттү.

 

Ошентип, Конституциялык палатанын Төрагасынын буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигинин өнүгүшүнө мерчемдүү салымы, кызматтык милдеттерди кынтыксыз аткаргандыгы жана Конституциялык палатанын ишмердигинде жигердүү катышуусу үчүн I даражадагы «Ак ниет кызматы үчүн» медалы менен Конституциялык палатанын судьялары М.Р. Бобукеева, Ч.А. Айдарбекова жана А.О. Нарынбекова; II даражадагы «Ак ниет кызматы үчүн» медалы менен каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы А.М. Бокоева; III даражадагы «Ак ниет кызматы үчүн» медалы менен эксперттик-аналитикалык бөлүмдүн башчысы К.Д. Алыбаев жана чечимдердин аткарылуусунун анализи жана мыйзамдарды систематизациялоо бөлүмүнүн башчысы З.Т. Эсеналиева; Ардак грамота менен маалыматтык технологиялар секторунун башчысы У.Б. Абылабеков сыйланышты.

 

Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган жигердүү кызматташтык үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Күнүн белгилөөгө карата «Кызматташтык үчүн» ведомстволук медаль менен Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.Т. Джаманкулов, Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркиялык башкармалыктын (ТИКА) программалык координатору Али Муслу; Ардак грамота менен адвокат А.Р. Салиев, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук Программасынын директору Н.А. Картанбаева, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук Программасынын координатору Т.М. Ашуралиева, Кыргыз-Россия Славян университетинин мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти А.Ш. Маралбаева сыйланышты.