Меню навигации+

Конституциялык палатанын жамаатына жаңы судья тааныштырылды

21.06.2019

Бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Д. Эсеналиев Конституциялык палатанын жамаатын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы  жылдын 20-июнунда шайланган Конституциялык палатанын судьясы К. Дуйшеев менен тааныштырды.

 

Д. Эсеналиев К. Дуйшеевге жаңы кызматта анын кесиптик сапаттарын белгилөө менен жигердүү ишмердүүлүк каалап кетти.

 

Ошондой эле, ал Конституциялык палата мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда өзөктүү орган, чечимдери жалпысынан мамлекет жана коом үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат деп баса белгиледи.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы Э. Мамыров судья К. Дуйшеевди ушул бийик жана жоопкерчиликтүү кызматка шайланганы менен куттуктап, ошондой эле ишинде кесиптик ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.