Меню навигации+

Конституциялык палатанын жамаатына Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү тааныштырылды

11.02.2021

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Конституциялык палатанын жамаатына кайра дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы өкүлү Медер Жусуповду тааныштырды.

 

Медербек Сатыев Туруктуу өкүлдүн кесипкөй сапаттарын белгилеп, жаңы кызматта жемиштүү ийгиликтерди каалап кетти.

 

Судьяларга да кайрылып, бүтүндөй мамлекет жана коом үчүн Конституциялык палатанын чечимдеринин өзгөчө маанисин баса белгилеп кетти.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев Президенттин Конституциялык палатага жаңы дайындалган туруктуу өкүлүн куттуктап, ага мамлекеттик бийликтин эки институту ортосунда иштешүүдө ийгиликтерди каалап кетти.

 

Медер Жусупов иш-чаранын аягында бардыгына жакшы каалоо-тилектери үчүн ыраазычылыгын билдирди. 2010-жылы Конституциялык сот жоюлганга чейин аты аталган сот органында Жогорку Кеңештин кызыкчылыктарын көздөп келгенин белгилеп кетти. Ушуга байланыштуу, Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү айткандай, анын өкүл катары аты аталган сот органындагы тажрыйбасы кесиптик жактан тез көнүшүүгө өбөлгө болот.

 

Андан ары, Конституциялык палатанын жетекчилиги жогоруда аталган адамдарга сот имаратын көрсөттү.