Меню навигации+

Конституциялык сот «Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси» темасында студенттер үчүн сынак жарыялайт

25.03.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жаштарды укуктук жактан агартуу жана алардын аң-сезиминде Конституциянын мамлекеттин Баш мыйзамы катары маанисин бекемдөө максатында USAID “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен «Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

 

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата арналып, адилеттүү коомду курууда Конституциянын маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

 

Конкурска ким катыша алат?

Республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

 

Конкурстук материалдарга болгон талаптар

Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн.

Эссе 3 барактан, видеоматериал – 10 мүнѳѳттѳн ашпашы керек.

Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

Сынак материлдары кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Автордук материалдарды сынакка берүү уюштуруучулар тарабынан аларды жарыялоого уруксат катары кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн сынак материалынын түп нускасынын автору катары катышуучуну тастыктаган табыштама* формасын сөзсүз толтуруу керек.

 

Материалдар кандай түрдѳ берилет?

– видеоматериалдар видео же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтеме жана автор жѳнүндѳ маалымат жиберилет;

– эссе электрондук же кагаз түрүндѳ берилиши мүмкүн.

 

Материалдарды баалоо критерийлери

– жаңылык жана материалдын инновациялык түзүүчүсү;

– теманы ачуу деңгээли;

– так жана логикалык баяндоо;

– мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

– креативдүүлүк.

Эссе жана видеороликтер курамы Конституциялык соттун судьяларынан, соттун аппаратынын кызматкерлеринен жана ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун эксперттеринен турган сынак комиссиясы тарабынан бааланышат.

 

 Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп баалонун жыйынтыгы боюнча I, II, III орундарды ээлеген катышуучулар табылат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана төмөнкү баалуу белектер менен сыйланышат:

I орун – ноутбук;

II орун – планшет;

III орун – смартфон.

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо 2022-жылдын май айынын башында Конституциялык сотто Ачык эшик күнүндѳ ѳткѳрүлѳт.

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп табылган чет жактан келген студенттер сыйлоо аземине катышуу үчүн ѳздѳрүнүн каражатынан Бишкек шаарына келүүгѳ байланыштуу болгон чыгымдарды тѳлѳшѳт.

 

Материалдарды кантип жиберүү керек?

Бардык материалдар 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 39 дарегине почта менен же info@constsot.kg электрондук почтага жиберилиши керек.

Байланыш тел. 0312 66 07 83 Назгуль Нурбекова.

 

Конкурстук материалдар 2022-жылдын 26-апрели саат 18.00 чейин кабыл алынат.

 

* ТАБЫШТАМА

Бул бѳлүктү толтуруу менен, мен сынак материалдардын түп нускасынын автору экендигин тастыктайм жана аны Конституциялык соттун расмий сайтында, анын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялоого макулдугумду берем.

 

Аты ____________________________________________________________

 

Фамилиясы ______________________________________________________

 

Атасынын аты____________________________________________________

 

Окуган жайы (ЖОЖ, курсу, адиси) __________________________________

 

Байланыш телефону ______________________________________________

 

E-mail __________________________________________________________