Меню навигации+

Конституциялык палата 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эместигин билдирген эмес

21.10.2016

 

Кээ бир маалымат каражаттарында, анын ичинде Кыргызстандын интернет ресурстарында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана жаран Т.Дж.Уметалиева 2014-жылдын токтому менен Конституциялык палата Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарды деп коомчулукту өзүнүн ой-пикирлери менен билип туруп тескери чайкоодо.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 44 аныктамасы менен “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесин конституциялык эмес деп табуу тууралуу жаран Т. Дж. Уметалиеванын өтүнүчүн сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартты. Кийин жагында Т. Дж. Уметалиева судьялар коллегиясынын аныктамасына Конституциялак палатага дат арызы менен кайрылган жана ал даттануусу каралган. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 25-сентябрындагы № 47-П токтому менен жаран Т. Дж. Уметалиеванын даттануусу канагаттандырылган жок.

 

 

Конституциялык палата өзүнүн токтомунда “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамы эл бийлигинин жогорку жана тике ээси экенин билдирет, ал Конституция менен тубаса бирдикте турат жана конституциялуулук предмети талашылууга мүмкүн эмес деп белгилеген.

 

 

Конституциялык палатанын көрсөтүлгөн актыларында Кыргыз Республикасынын Конституциясына 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес деген кандайдыр бир жоболору жок.

 

Конституциялык палатанын Токтомунун толук тексти constsot.kg расмий сайтында “Актылар-Токтомдор” бөлүмүндө жайгаштырылган.