Меню навигации+

Конституциялык палата «Конституция менин укугумду кантип коргойт» темасына мыкты эссеге сынак жарыялайт

01.04.2015

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ПРООН тарабынан ишке ашырылып жаткан «КР ЖС Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган «Конституция менин укугумду кантип коргойт» деген темага жазылган мыкты эссеге сынак жарыялайт.

 

Сынак студенттердин мамлекеттин Негизги мыйзамына болгон мамилесин ачкан, Конституция алардын укугун кантип коргоп жаткандыгы жѳнүндѳ, ошондой эле студенттердин КР ЖС Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыгын жогорулатуу, мындай органдын адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин коргоо тутумундагы маанилүүлүгүн түшүнүү максатында мыкты эссени аныктоо максатында жүргүзүлөт.

 

Сынактын катышуучулары боло алышат:

Бишкек шаарынын юридика факультетинин студенттери.

 

Эссени жоболоштурууга талаптар:

кыргыз же орус тилдеринде, 3 барактан жогору MS Word тексттик редакторунда;

шрифт: өлчөмү (кегль) – 14, тиби — Times New Roman,
Саптардын ортосундагы аралык — 1,5.

 

Өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү:

Бардык сынакка катышуучулар төмөнкү талаптарды аткарышы зарыл:
– 720040, Бишкек ш., Эркиндик проспекти 39 дарегине же info@constsot.kg электрондук почтасына эссенин кагаздагы же электрондук вариантын жөнөтүү;
– иштер 2015-жылдын 1-майына чейин кабыл алынат;
– жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2015-жылы майдын башында түзүлөт;
– катышуунун натыйжасы Конституциялык палатанын расмий сайты www.constsot.kg жарыяланат.

 

Өткөрүлгөн сынактын натыйжалары боюнча жеңүүчүлөр төмөнкү тартиптеги белектер менен сыйланат:

1-орун – планшет, 2-3 орундар – букридерлер. Жеңүүчүлөр ошондой эле конституционализмдин Жайкы мектебинде катышууга мүмкүндүк алышат.

Ошондой эле 4-5-орунда алган катышуучулар үчүн кызыктыруучу сыйлыктар жана КР ЖС Конституциялык палатасында стажировкадан өтүү мүмкүндүгү да каралган.
Сынактык комиссия номинацияларды түзүүгө жана кошумча сыйлыктарды берүүгө укуктуу.

 

Маалымат үчүн телефондор: 0312 66 07 83, 66 21 52