Меню навигации+

Конституциялык палата USAID/IDLO программасы менен кызматташтык маселелерин талкуулады

13.01.2017

 

Бүгүн Конституциялык палатада КР ЖС Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, судья-катчы Меергуль Бобукеева USAID/IDLO программасынын региондук директири Фред Хьюстон менен жолугушту.

 

Жолугушуунун катышуучулары Конституциялык палатанын электрондук документ жүгүртмөсү тутумун өркүндөтүү жана аны андан коштоп жылдыруу маселелерин талкуулашты. USAID/IDLO программасынын каржылоосунун жардамы менен ЭДЖны андан ары заманбап шарттарга ылайык келтирүү зарылдыгы жөнүндө макулдашууга жетишишти, ал Конституциялык палатага келип түшкөн документтин реалдуу мезгил жүрүшүнө, аппарат кызматчыларынын документтерди аткаруу мөөнөтүнө жана сапатына көз жүгүртүп турууга, программанын бөлүктөрү боюнча статистикалык маалыматтарды ыкчам алууга ж.б. жол берген башкаруунун жаңы архитектурасын карайт.

 

 

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата студенттер арасында ар жылдык республикалык сынакты бирге өткөрүү тууралуу да макулдашышты.