Меню навигации+

Конституциялык палата дилбаяндардын конкурсунун жеңүүчүлөрүн белгиледи

04.05.2015

Бүгүн КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргызстандын Конституция Күнүнө арналган «Конституция менин укуктарымды кантип коргойт» деген темадагы дилбаяндардын конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды, ошондой эле беш ЖОЖдун юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.
Дилбаяндардын конкурсуна 44 эссе жөнөтүлүп, анын ичинен 5 КПнын судьялары тарабынан мыкты деп табылды.

 

 

Биринчи орунду КМЮА акыркы курсунун студенти Мамытов Исмаил ээледи. Ал “Самсунг” планшетин алды. Экинчи жана үчүнчү орундар ИИМдин Академиясында окуган студенттер Мавлянова Юлияга жана КРСУда окуган Палванова Алияга тийди, алар бирден букридерге ээ болушту. Ага кошумча үч жеңүүчү тең КПда өткөрүлүүчү конституционализмдин Жайкы мектебине катышууга чакыруу алышты.

 

Төртүнчү жана бешинчи орундарды КМЮАнын 1-курсунун студенти Жумабекова Малика жана АУЦАнын 4-курсунун студенти Турдубеков Улукбек ээлешти. Экөө тең кызыктыруучу сыйлыктар – белек топтомун жана Конституциялык палатада тажрыйбадан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

 

Өзүнчө кызыктыруучу сыйлык менен судьялар ошондой эле жалгыз мектеп окуучусу, Кант шаарындагы №1 гимназия-мектебинин окуучусу – Кыдырбаева Фаизаны сыйлашты.
Конкурс студенттердин өлкөнүн Негизги мыйзамына карата мамилесин, ал жарандардын укуктарын кантип коргоп жаткандыгын алардын түшүнүүсүн аныктоо, ошондой эле студенттерди Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү, анын Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролу жѳнүндѳ маалыматын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Студенттер менен жолугушууда Палатанын судьялары эсселерди бай, кызыктуу жана аргументтештирилген мазмуну үчүн макташты жана Кыргызстандын укуктук системасынын келечеги алардан көз каранды экендигин белгилешти жана келечекте ошондой эле студенттердин айрымдары Конституциялык палатанын судьялары болот деген ишенимин билдиришти.

 

«Бардык үмүтүбүз силерде. Силер Конституцияны жана мыйзамдарды коргоону үйрөнүп жатасыңар. Силердин аракеттериңердин жардамы менен биздин коомдо укуктук аң-сезим өсөт жана ал өнүгө берет, – деп айтты калыстар тобунун төрагасы болгон КПнын судьясы Клара Сооронкулова. – Бийиктиктерге дайыма жетүүгө жана биздин Конституцияда жазылган бардык идеяларды жүзөөгө ашырууга умтулуу керек».

 

44 эссенин ичиндеги жеңүүчүлөрдөн тышкары сайтка жана КПнын Жарчысында жарыялана турган көптөгөн татыктуу иштер бар.
Конкурска Бишкек шаарынын дээрлик бардык окуу жайларынын: КМЮА, КРСУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ, МУК, Чыгыш университетинин, ИИМдин Академиясынын юридикалык факультеттеринин студенттери жана 10-класстын окуучусу катышты.

 

Конкурс Европа Биримдигинин колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү Программасы ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Дилбаяндардын катышуучулары менен жолугушуудан тышкары Конституциялык палата ошондой эле Конституция Күнүнө карата юридикалык факультеттердин 40ка жакын студенттери катышкан Ачык эшиктер күнүн уюштурду.

 

Студенттер менен жолугушуунун учурунда, Палатанын судьялары жана кызматкерлери анын ишмердүүлүгү, Конституция жана анын коомдогу ролу жѳнүндѳ айтып беришти. Студенттер суроолорду активдүү беришти, тажрыйбалык иштерге кызыгышты – кайрылуулардын үстүнөн иштөө кандай уюштурулган, кантип судья болуу керек жана башка суроолорду беришти.

 

«Силер билгендей, бизде кылмыш, жарандык, административдик жана экономикалык иштер боюнча ар кандай соттор бар жана бул маселелерди башка соттор карайт. Биз укук маселелерин гана чечебиз», – деп айтты студенттер менен жолугушууда Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев.

 

Касымалиев Конституциялык палата ачык жана сот органы болуп саналарын айтты. Чечимдер жеке кабыл алынган учурлар сейрек кездешет, көп учурда судьялар өзгөчө пикирге ээ болушат. Палатанын ишине ким гана болбосун каалагандар, анын ичинде студенттер бардыгына эшик ачык болгон отурумдарга келүү менен ошондой эле расмий сайттан дагы байкоо жүргүзө алышат.
Конституция Күнүнө карата ушундай эле иш-чараны Конституциялык палата өткөн жылы дагы өткөргөн болчу.