Меню навигации+

Конституциялык палата студенттер арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктады

07.05.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналып студенттердин арасында өткөрүлгөн «Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы» темасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды, ошондой эле Бишкек шаарынын Жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Сынак БУУѲПтун  долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен өткөрүлдү. Бул сынак экинчи жолу өткөрүлүп жатат, эгер өткөн жылы сынакка Бишкек шаарынын жождорунун юридикалык факультетинин студенттери гана катышышып, эсселерин гана жөнөтө алышса, бул жылы сынактын форматы кыйла кеңейтилди.

Сынак студенттердин мамлекеттин негизги мыйзамына болгон мамилелерин ачып берүүчү мыкты материалдарды (эссе, дилбаян, аңгеме, ыр, видео жана фотоматериалдар, сүрөттөр жана башка көркөм жана интеллектуалдык чыгармачылыктын материалдары) аныктоо максатында өткөрүлгөн.

Сынакта республиканын ар кайсы бурчтарынан келген 80 ден ашык студент катышты. Бир катышуучунун берген сынактык материалдары чектелбегендиктен, 100 дөн ашык материал алынды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Б. Ельцин атындагы КРСУнун студенти Алмасбек кызы Мадина жеңип алды, ал планшет менен сыйланды. Экинчи жана үчүнчү орунга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти Аманбаев Нургазы жана КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын студенти Жаанбаев Элдос ээ болушту, алар смартфон утуп алышты. Ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрү конституционалдуулуктун жайкы мектебине чакыруу алышты, ал мектеп жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлѳт.

Андан сырткары, шыктандыруучу сыйлыктар менен – белек топтомдоруна жана Конституциялык палатада стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө КМЮА нын студенти Кахарова Айзада, жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенти Буковская Дарья ээ болушту.

Финалга чыккандардын, ошондой эле башкалардан айырмаланган материалдар Конституциялык палатанын сайтында жарыяланат.

Сынактын катышуучулары менен жолугушуудан башка, Конституциялык палата ошондой эле Конституция Күнүнө карата Ачык эшиктер күнүн өткөрдү, ага 30 га жакын студент катышышты. Студенттер менен жолугушуу убагында, Конституциялык палатанын судьялары жана аппарат кызматкерлери анын ишмердүүлүгү, Конституция жѳнүндѳ жана анын коомдогу ролу жөнүндө айтып беришти. Өз кезегинде, студенттер да суроолорду активдүү беришип, Конституциялык палатага өтүнүч менен кантип кайрылуу керек экенин, соттун чечимдери кандай чыгаарына, кантип судья болуш керек экенине ж.б. абдан кызыгууларын көргөзүштү.

Конституциялык палатанын Төрагасы Мукамбет Касымалиев студенттер менен жолугушуусунда, Конституциялык палатанын ачык сот органы болуп саналаарын, ар бир каалаган адам, анын ичинде студенттер да Конституциялык палатанын сот отурумдарына келип катышса болоорун белгилеп өттү.

Ошондой эле 6-майда судьялар студенттер үчүн меймандык лекцияларды өткөрүштү. Конституциялык палатанын Төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттеринин алдында чыгып сөз сүйлөдү, катчы-судья Чинара Айдарбекова. Б. Ельцин атындагы КРСУ студенттерине, Курмантай Абдиев Ош мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окушту, анда судьялар Конституциянын ролу жана анын мааниси, ошондой эле Конституциянын үстѳмдүгүн жана адамдын эркиндигин жана укуктарын коргоону камсыз кылуучу орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аткарган иштери жѳнүндѳ айтып беришти. Бул тематиканы улантып студенттер үчүн меймандык лекцияны Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиянын студенттерине 10-май күнү судья Эмиль Осконбаев меймандык лекция окуйт.