Меню навигации+

Конституциялык палата Жылдык докладды, Өнүктүрүү стратегиясын жана видеороликтин бет ачарын өткөрдү

29.06.2015

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы салт боюнча экинчи жолу ЖМКнын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Конституциялык палатанын судьялары жана кызматкерлери, ошондой эле Конституциялык палатанын өнөктөштөрү катышышты.

 

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Конституциялык палата өз ишине киришкенине эки жыл толоорун белгилеп өттү.

 

«Ушул убакыттын ичинде биз тараптан жетишээрлик көп иштер каралды. Биз эл аралык байланыштарыбызды өнүктүрө алдык. Биз Кыргызстандагы конституционалдуулуктун жаңы салттарын калыптандырууга умтулуп жатабыз», — деди ал.

 

«Биз элге жана коомчулукка жакын болууга умтулуп жатабыз, жана силердин жардамыңар менен ушуга жетишип жатабыз. Сиздердин жардамыңыздар менен коомдоштук биздин ишмердүүлүгүбүз, биз кабыл алып жаткан чечимдер жѳнүндѳ биле алат. Конституциялык палатанын иши кандай чагылдырылып жатканынын натыйжалары боюнча, ага болгон ишенимдин деңгээли аныкталат, анын ишмердүүлүгүнүн майнаптуулугу бааланат», — деп кошумчалады ал.

 

Жолугушууда Жылдык докладдын, Өнүктүрүү стратегиясынын бет ачары болду, ошондой эле Конституциялык палата жѳнүндѳгү видеоролик көргөзүлдү.

 

«Биз отчеттуулук мезгили үчүн корутундуларды чыгарып, өз ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгын чыгарууга, жана биз эмнеге жетише алдык, кандай кѳйгѳлѳр чечилди, аларды кантип чечүү керек экенин аныктоого аракет кылдык. Буга байланыштуу, биз өз ишмердүүлүгүбүздүн стратегиялык багыттарын аныктадык, жакынкы убакта аларды ишке ашыруунун үстүнөн иштеп баштайбыз. Калктын бизге болгон жогорку ишениминин зарылдыгы Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык багыттарынын биринде аныкталган», — деди Төрага.

 

ЖМКнын өкүлдөрүнө Конституциялык палатанын Жылдык доклады окулду, анда төраганын орун басары Эркинбек Мамыров 2013-2014-жылдардагы Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына кеңири токтолду. Ал, Конституциялык палата биринчи жолу коомдоштукка өз ишмердүүлүгү жѳнүндѳ отчет берип жаткандыгын, жана ушуну менен өз ишмердүүлүгүнүн тунуктугун жана ачыктыгын жогорулатууга аракет кылып жатканын белгилеп өттү.

 

Судья-катчы Чынара Айдарбекова Өнүктүрүү Стратегиясы жѳнүндѳ айтып жатып, Конституциялык палата заманбап, майнаптуу жана тунук мекеме болушу керек экенин баса белгиледи, ал Конституция тарабынан кепилденген адамдын укуктарынын жана негизги эркиндиктеринин жогорку стандарттарын камсыз кылып турушу керек.

 

Өз кезегинде белгилей кетүү керек, Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳгү маалымат Палатанын расмий сайтында да жеткиликтүү, Конституциялык палатанын Жарчысы чыгып турат, ошондой эле Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳгү маалымат ар кандай мүнөздөгү иш чараларга катышуунун жана жүргүзүүнүн жүрүшүндө активдүү жайылтылып турат.

 

Иш чарада ошондой эле ЖМК менен кызматташуу маселелери да талкууланды. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 3-июлунан 6- июлуна чейин өткөн жылдагыдай, Ысык-Көлдүн жээгинде Европа Кеңеши тарабынан каржыланып, БУУѲПтун тарабынан ишке ашырылып жаткан «Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн колдоо» долбоорунун алкагында, журналистердин Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ билимин, мындай органдын адам жана жарандын укугун жана эркиндигин коргоо тутумундагы маанисин жана ролунун маанилүүлүгү жѳнүндѳгү түшүнүгүн жогорулатуу үчүн журналисттер үчүн конституционалдуулуктун Жайкы мектеби өткөрүлөт.

 

DSC_1448

DSC_1526