Меню навигации+

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн орнотууда GIZ менен кызматташтыгын улантат

10.02.2017

 

Бүгүн Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» Программасын баалоо боюнча миссия КРдин Жогорку сотунун Конституциялык палатасына келишип, Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жана төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев менен жолугушушту.

 

Делегациянын курамында келгендер – тематикалык пландоо жана методология боюнча GIZ долбоорлорун пландоо боюнча алапаруучу адис, доктор Лотар Ян (Эшборн ш., Германия), укукка жетүү, укуктарды жүзөгө ашыруу маселелер, жана уюмду ичинен өнүктүрүү жаатындагы эркин консультант, Тилльманн Шнайдер (Германия), юрист, доктор Татьяна Крюгер (GIZ, г.Эшборн, Германия), GIZ региондук программасынын кеңешчиси мария Краузенбёк, «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев, «КРде укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» ЕС долбоорунун жетекчиси, Стефанос Кареклас мырза.

 

Жолгушууда Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров «КРде укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» ЕС долбоору менен кызматташтык жөнүндө айтып берди, анын алкагында журналисттер, адвокаттар, ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционализмдин Жайкы мектептери өткөрүлдү, Конституциялык палатанын Жарчысы чыгарылды, Конституциялык палатаныны пресс-катчысы КРдин соттук тутумунун пресс-катчылары үчүн окутуучу семинарына катышты. Төрага азыркы учурда Долбоор Конституциялык палата 2016-жылы уюштурган эл аралык конференциянын материалдарын жана Конституциялык палатанын кезектеги Жарчысын жарыялоого жардам берип жатканын белгилеп кетти.

 

«ЕС долбоору тарабынан 2016-жыл үчүн Конституциялык палатанын Жылдык докладын жарыялоону жана учурдагы жай айларында «Конституциялык контролдоо органдарынын чечимдери укук булагы катары» темадагы Улуттук конференциясын эл аралык экспертти чакыруу менен өткөрүлүшүн колдоп берүү жөнүндө келишим сөздөр бар. Бул конференцияга мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын, илимий чөйрөлөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакыруу пландаштырылууда», – деп Э. Мамыров кошумчалады.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор Конституциялык палатага кайрылуу жана конституциялык сот өндүрүшүндө иштерди кароо тартиби, Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылышы жана Маалымат каражаттары менен өз ара иштешүүсү жөнүндө кызыгышып сурашты.

 

Жолгушуунун аягында тараптар укук үстөмдүгүн бекемдөө ишинде жигердүү кызматташтыкты улантууга даярдыктарын билдиришти.

 

Эске сала кетсек, «КРде укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорун Европа союзу каржылайт жана Эл аралык кызматташтык Германия коомунун (GIZ) жетекчилиги менен Консорциум жүзөгө ашырат.