Меню навигации+

Конституциялык палата ар жылдык Конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү

17.06.2019

Конституциялык палата учурдагы жылдын 13-15-июнунда ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын, Адвокатура, ӨЭУ жана ММК өкүлдөрү үчүн Конституционализмдин жайкы мектебин (КЖМ) өткөрдү.

 

КЖМ «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза» Европа Союзунун долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. Бул ар жылдык иш-чараны өткөрүүнүн максаты болуп конституциялык сот өндүрүшүнүн маселелеринде КЖМ катышуучуларынын билим деңгээлин арттыруу саналат.

 

КЖМ алкагында Конституциялык палатанын судьялары жана Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Конституциялык палатанын мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда орду жана ролу, ыйгарым укуктары, Конституциялык палатага кайрылуунун жалпы талаптары, Конституциялык палатада иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү, Конституциялык палатанын чечимдеринин юридикалык күчү жана алардын аткарылышынын тартиби жөнүндө айтып беришти.

 

Жалпысынан, лекторлор катышуучулардын көңүлүн Конституциялык палатанын ишмердигинин негизги учурларына бурушту.