Меню навигации+

Конституциялык палата электрондук иш кагаздарды айландыруу тутумун киргизип жатат

14.05.2015

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен Кыргыз Республикасынын сот тутумун бекемдөө боюнча USAID жана IDLO Программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында электрондук иш кагаздарын айлантуу тутумунун (ЭИКАТ) программалык продуктусун кабыл алуу-берүү актысына кол коюу боюнча иш чара өткөрүштү, ал атайын Конституциялык палата үчүн «Семтек» ЖЧК тарабынан иштелип чыккан.

 

ЭИКАТ уюмдагы иш кагаздары менен иштөөнү жакшыртуучу корпоративдик иш кагаздарын айлантууну сапаттуу жѳнѳкѳйлѳѳ турган башкаруунун автоматтык тутуму менен иш алып барат. Жөнөкөй электрондук архивдин функцияларынан баштап, бүт уюмдагы маалыматты башкаруунун татаал тутумуна чейин бул Тутум маалыматтарды бирдиктүү сактоону жана алар менен оптималдуу иштешүүгө мүмкүндүк берет. Иш кагаздарын иштетүүгѳ убакытты азайтат, маалыматтарды кокусунан жоготуп алуу коркунучун азайтат, ошондой эле жетекчиликке башкаруучу чечимдерди аткарууну көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев, техникалык колдоо көргөзгөнү үчүн USAID жана IDLO Программасына ыраазычылык айтып, иштелип чыккан бул тутум биздин өлкөдөгү конституциялык сот өндүрүшүн мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө сөзсүз кызмат кылат деген үмүтүн билдирип кетти.

 

«ЭИКАТты киргизүү Конституциялык палатадагы иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Эми биз ЭИКАТты иш кагаздарын иштеп чыгууга байланышкан милдеттердин кеңири алкагын чечүү үчүн жана биздин уюмдагы бизнес-процесстерди аткарууга колдоно алабыз», – деп белгиледи.

 

«Өзгөчө бул тутум Конституциялык палатага келип түшкөн кайрылуулар менен жүргүзүлгөн иштерди автоматташтырууга мүмкүндүк берет» – деп баса белгиледи Мукамбет Касымалиев.

 

Өз кезегинде Кыргызстандагы USAID/IDLO Программасынын Аймактык директору Фред Хьюстон, USAID/IDLO Программасы мындан кийин да Конституциялык палата менен кызматташуусун улантаарын, жана Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн маалыматташтырууга багытталган колдоо көргөзөөрүн белгилеп өттү.

 

Белгилей кетүү керек, кол коюлган Меморандумдун алкагында USAID/IDLO Программасы тарабынан Конституциялык палатага компьютердик жабдуу берилди.