Меню навигации+

Кыргызстандын конституциялык сот адилеттигине 25 жыл толду

14.12.2015

Бүгүн Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдүн сот органынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатышат.

 

Конституциялык сот адилеттиги Кыргызстан үчүн салыштырмалуу укуктук институт болуп саналат, анын максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстѳмдүгүн жана түздѳн-түз аракеттерин, жеке инсандын укугун жана эркиндигин камсыз кылууда турат. Конституциялык сот адилеттигинин биринчи кезектеги өзгөчөлүгү болуп укук маселелерин чечүү гана иш милдети саналат.

 

Бул, ченемдик укуктук актыларды алардын Конституцияга шайкештик кѳз карашын баалаган сот адилеттигинин жалгыз түрү.

 

Конституциялык сотту түзүүгө болгон биринчи кадамдар кайра куруу жылдарында, СССР кулаганга жана Кыргызстан көз карандылык алганга чейин жасалган. Биринчи жолу конституциялык көзөмөл органы – Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөл Комитети 1989-жылы 23-сентябрда түзүлгөн.

 

1990-жылдын 24-октябрында, Кыргыз ССРинин биринчи Президентинин кызматы түзүлүп, шайланышы менен, Кыргыз ССРинин Конституциясына (Негизги мыйзамы) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен мамлекеттик бийлик жана башкаруу тутуму олуттуу өзгөрүүгө туш болот. Ошентип, 1990-жылдын 14-декабрында Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөл Комитети жоюулган жана, СССРдин курамына биринчилерден болуп кирген Кыргызстан конституциялык көзөмөл боюнча жогорку сот органын – Кыргыз ССРинин Конституциялык сотун түзгѳн.

 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык конституциялык сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан ишке ашырылат.

 

Биздин мамлекеттин тарыхы үчүн мындай маанилүү күндү белгилеп жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ММКнын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү, анда журналисттерге конституциялык сот адилеттигинин түзүлүү тарыхы жѳнүндѳ жана бул этапта конституциялык көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыгы жѳнүндѳ айтып беришти, ошондой эле журналисттер Конституциялык палатанын судьяларына өз суроолорун бере алышты.