Меню навигации+

Конституциялык сот ар жылдык Конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү

09.07.2021

Учурдагы жылдын 6-9-июлдарында КР Конституциялык соту укук коргоочу сектордун өкүлдөрү үчүн Конституционализмдин жайкы мектебин (КЖМ) өткөрдү.

 

Иш-чарага КР Акыйкатчысынын аппараты, ӨЭУ жана адвокаттык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

 

КЖМ алкагында катышуучуларга мамлекеттик бийлик органдары тутумунда Конституциялык соттун орду жана ролу, анын ыйгарым укуктары, ага кайрылуунун жалпы талаптары, аталган органда иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү, чечимдеринин юридикалык күчү жана аткарылышынын тартиби жөнүндө сөз болду.

 

Иш-чара «Адилет» укуктук клиникасы» КФ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.

 

КЖМ аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.