Меню навигации+

«КР шайлоо мыйзамдары: учурда жана келечекте» темасына өткөрүлгөн тегерек стол

02.04.2015

2015-жылдын 2- апрелинде Бишкекте «КР шайлоо мыйзамдары: учурда жана келечекте» темасында тегерек стол өткөрүлдү, ал КМШ Парламент аралык Ассамблеясынын катышуучу-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укугун сактоо, парламентаризм, демократиянын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн Эл аралык институтунун Бишкектеги филиалы тарабынан уюштурулду.

 

Тегерек столдун максаты, боло турган парламенттик шайлоого байланышкан бардык актуалдуу маселелерди талкуулоо болуп саналат, мунун контекстинде жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү турат. Талкууда шайлоочулардын так тизмесин түзүү кѳйгѳйлѳрүнѳ, биометрикалык маалыматтарды эске алуу менен инновациялык шайлоо технологиясын колдонуу, шайлоо мыйзамдарындагы кѳйгѳлѳр жана аны жакшыртуунун жолдору, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук позицияларына басым коюлду.

 

Тегерек стол КР шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борборук Комиссиясы, КР ЖС Конституциялык палатасы, КР Жогорку Кеңеши, жарандык коомдун, саясий партиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулду.