Меню навигации+

Куанбек Киргизбаев: «Мамлекеттик бийликтин баардык бутактарынын иши Мыйзам бийлиги үстөмдүгүнө баш ийген учурда гана мамлекет гүлдөп өсөт»

01.09.2016

2016-жылдын 29-30 августтарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасынын орунбасары К.М. Киргизбаев Астана шаарында Казахстан Республикасынын 25-жылдык Эгемендүүлүгүнө жана Конституциясынын күнүнө арналган эларалык илимий-практикалык конференциясынын ишине катышты.

 

Конференция Казахстан Республикасынын Конституциялык Кеңеши жана Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы, дагы башка эларалык укук коргоо мекемелери менен бирге уюштурулган

 

Конференцияга 10дон ашуун чет өлкө мамлекетинин конституциялык көзөмөл органдарынын делегаттары, Казахстандын мамлекеттик түзүм жетекчилери, кадырлуу эларалык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү укукчу илимпоздор жана эксперттер катышкан.

 

Конференциянын биринчи иш күнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын Төрагасынын орунбасары К.М. Киргизбаев кийинки темадагы докладын угузду: “Конституция – коом менен мамлекеттин күжүрмөн жана омоктуу (туруктуу) өнүгүүнүн пайдубалы (негизи)”.

 

Иш-чаранын алкагында катышуучулар мамлекеттин жана коомдун омоктуу өнүгүүсүнүн конституциялык-укуктук негиздери тууралуу талкууларды өткөрүштү.