Меню навигации+

Конституционализмдин жайкы мектептери Конституциялык палатанын отурумдарында мамлекеттик органдардын өкүлчүлүгүнүн сапаттын арттыруу ыкмасы катары

19.06.2017

 

Учурдагы жылдын 17-18-июнь күндөрү Конституциялык палата ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү.

 

Бул мектептин максаты ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайыктуулугун кароо боюнча Конституциялык палатанын ишмерлиги боюнча катышуучулардын билим деңгээлин көтөрүү, Конституциялык палатага кайрылууну берүү жана конституциялык сот өндүрүшүнө катышуу тартибин түшүндүрүү болуп саналат.

 

Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Куанбек Киргизбаев  иш-чараны ачкан мезгилде, Конституциялык палата жөнүндө конституциялык Мыйзамга ылайык ченем жаратуучу органдар конституциялык сот өндүрүшүндө жоопкер тарап катары катышат, башка мамлекеттик органдар иш боюнча кайрылуучу тарап жана башка жак катары катышуусу мүмкүн деп белгиледи. «Мамлекеттик органдардын, өзгөчө Конституциялык палатанын соттук отурумдарындагы ченем жаратуучу органдардын өкүлчүлүгүнүн маселеси Конституциялык палатанын тажрыйбасында актуалдуу болуп саналат. Ошон үчүн Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшүндө ченем жаратуучу органдардын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусуна орчундуу маани берүү менен ушул Конституционализм мектебин уюштурган» – деп ал айтты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Армения жана Молдовадан келген эл аралык эксперттер конституциялык соттун отурумдарында мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу маселесинде өз өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

 

Жайкы мектепте Кыргызстанда конституциялык адилет соту өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди, Конституциялык палатада иштер кандай каралып жаткандыгын катышуучулар талкуулашты. Судьялар Конституциялык палатанын башка соттук органдардан айырмаланып жумушунун спецификасы тууралуу айтып беришти. Иш-чаранын башкы бөлүгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн Конституциялык палатада конституциялык сот өндүрүшүнө катышуу формасына арналган. Бул сессиянын алкагында мамлекеттик органдардын Конституциялык палатага кантип туура кайрылуусу, мамлекеттик органдардын жоопкер тарап катары катышуусунун өзгөчөлүктөрү, каралып жаткан иш боюнча аларды Конституциялык палата башка жак катары таануусу жөнүндө маалымат берилген.

 

Андан тышкары, Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусу маселелери талкууланган.

 

Талашылып жаткан ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоодо Конституциялык палата колдонулуп келген мамилелер (укуктук принциптер) кызуу талкууну жаратты.

 

Мектептин практикалык бөлүгү мезгилинде катышуучулар Конституциялык палатага келген реалдуу кайрылуулардын негизинде иш боюнча башка жак катары чакырылган мамлекеттик органдардын көз карашын даярдоонун көндүмдөрүн үйрөнө алышты.

 

Иш-чараны Европа Союзу каржылаган жана ал Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому (GIZ) жүзөгө ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн.

 

Белгилей кетчү нерсе, конституционализмдин жайкы мектептери жылыга кеңири аудиториянын өкүлдөрү үчүн Конституциялык палата тарабынан өткөрүлүүдө. Ушул жылдын июль айында ушул сыяктуу иш-чара ӨЭУ, МК, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана адвокаттар үчүн өткөрүлөт.