Меню навигации+

Журналисттер, юристтер, эксперттер, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, илимий чөйрө жана ЖОЖдун өкүлдөрү үчүн конституционалдуулук боюнча жайкы мектеп өткөрүлдү

27.06.2014

Үстүбүздөгү жылдын 21-26-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Европа Союзу жана БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын «Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоору менен бирге журналисттер, юристтер, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, илимий чөйрө жана ЖОЖдун өкүлдөрү үчүн конституционалдуулук боюнча жайкы мектеп өткөрүлдү.

 

Жайкы мектеп Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жөнүндө коомдун түшүнүгүн жогорулатуу, адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин коргоо тутумунда мындай органдын ролун жана маанисин түшүнүү, ММКларда Конституциялык палатанын ишин чагылдырууну жакшыртуу үчүн өткөрүлдү.

 

Катышуучулардын алдында Конституциялык палатанын судьялары жана анын кызматкерлери, конституция чөйрөсүндөгү эксперттер чыгып сүйлөштү, алар сот чөйрөсүнүн эволюциясы, Конституциянын мааниси, Конституциялык палатанын иши жана конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ айтып беришти.

 

Конституциялык палатанын судья-катчысы Чинара Айдарбекова, Конституциялык палата өз ишмердүүлүгүнүн максималдуу ачык болушуна умтулуп жаткандыгын белгилеп өттү. Бардык чечимдер сайтка жүктөлөт, ошол эле жерден жыйналыштардын графиги, коом үчүн башка пайдалуу маалыматтар, кайрылууларды берүү эрежелери менен таанышса болот.

 

Мектептин практикалык бөлүгү убагында журналисттер Конституциялык палата тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде кыскача маалымат (пресс-релиз) даярдашты, ал эми башка катышуучулар Конституциялык палатага кайрылуунун долбоорун түзүүгѳ мүмкүнчүлүк алышты.

 

Жайкы мектептин жыйынтыгын чыгаруу учурунда, катышуучулар конституциялык сот өндүрүшү жѳнүндѳ жаңы маалыматтарды билгендигин айтышты, өзгөчө аларга Кыргызстанда соттордун досу – «Amicus curiae» институтун түзүү идеясы абдан жакты, анын башкы максаты судьяларга калыстык чечим кабыл алууга жардам берүү болуп саналат.

 

Июлда Конституциялык палата жана ЕС-БУУ долбоору Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн алардын кесиптик потенциалын жогорулатуу максатында конституционалдуулук боюнча жайкы мектепти өткөрүүнү пландаштырууда.

IMG_4141

IMG_3397