Меню навигации+

М. Бобукеева: Болочок юристтер мамлекетибиздин Баш мыйзамындагы өзөктүү баалуулуктарды билүү зарыл

20.12.2016

2016-жылдын 17-декабрында Кыргыз-Россия Славян унниверситетинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы М. Бобукеева Конституциялык палатасы менен Кыргыз-Россия Славян университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында юридикалык факультеттин студенттери менен жолугушту.

 

Жолугушуу диалог форматында өттү, студенттер менен окутуучулар аларды кызыктырган суроолорун бере алышты. М. Бобукеева Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөл органынын айрым тарыхый өнүгүү аспектилерине токтолуп, Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары тууралуу айтып берди. Студенттер менен мамлекеттик бийликти бөүштүрүү тутумунда конституциялык сот адилеттиги органынын орду жана Конституциялык палата чыгарган конкреттүү чечимдердин мисалында конституциялык сот өндүрүшү принциптери жөнүндө маселелер да талкууланды.

 

“Жаш муун, өзгөчө болочок юристтер мамлекетибиздин Конституциясындагы өзөктүү баалуулуктар менен принциптерди билүүсү маанилүү жана өз аракеттерине сынчыл мамиле кылуусу зарыл. Ошондо гана биздин мамлекет демократиялык жана укукутук мамлекеттин принциптерине жооп бере алат”, – деп белгиледи Меергуль Бобукеева.