Меню навигации+

М. Касымалиев: Конституциялык кѳзѳмѳлдѳѳ органдарынын чечимдерин аткаруу адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн маанилүү

26.05.2014

21-23-майда Кыргызстанда «Конституциялык сот адилеттигинин кепилдиги катары Конституциялык соттордун чечимдерин аткаруу» темасында эл аралык конференция өттү. Конференция Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы, БУУнун Ѳнүктүрүү программасы (ПРООН) ишке ашырган «Кыргызстанда конституциялык сот адилеттигинин тутумунун эффективдүүлүгүн жана сапатын жакшыртууну колдоо» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан уюштурулган.

 

Кыргызстанга конференцияга катышууга Түркия Республикасынын, Армения Республикасынын, Таджикистан Республикасынын, Молдовия Республикасынын, Азербайджан Республикасынын, Латвия Республикасынын жана Казахстан Республикасынын конституциялык сотторунун ѳкүлдѳрү жана ошондой эле Германия, Финляндия, Грузия, Норвегия, Словениянын конституциялык жана эл аралык укук жагындагы эксперттери, ошондой эле Венециялык комиссиянын, Европа сотунун адам укуктары боюнча эксперттери келишти.

 

Конференциянын негизги максаты болуп, конституциялык соттордун чечимин аткаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Бул көйгөй көптөгөн мамлекеттер үчүн актуалдуу мааниге ээ, анын ичинде жаңы Конституциялык палатанын калыптанышына байланыштуу Кыргызстан да бар. Бардык демократиялык мамлекеттерде Конституциялык соттор Конституциянын сактоочулары болуп саналат жана конституциялык-укуктук өнүгүүнүн барометри болуп каралат. Алардын аткарылышынан соттук конституциялык көзөмөлдүн эффективдүүлүгү, ошондой эле Конституциянын принциптеринин жашоого ишке ашуусу көз каранды.

 

Конференцияны ачып жатып, Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев: «Конституциялык көзөмөл органдарынын чечимдерин аткаруу адамдын жана жарандын укугун коргоонун жана укуктун жогорулугун орнотуу, жарандын сот тутумуна жана мамлекетке болгон ишенимин жогорулатуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат»,-деген оюн билдирди.

 

«Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу канчалык ийгиликтүү болоору, мамлекеттик институттар менен коом Палатанын чечимдерин канчалык сыйлап, ирээттүү аткараары конституциялык соттун эффективдүүлүгүнөн көз каранды болот» – деп, Кыргыз Республикасындагы Европа Кеңешинин элчиси Чезаре де Монтис белгиледи.

 

Конференцияда негизги көңүл соттук чечимдердин сапатына бурулду. Латвиянын Конституциялык сотунун төрагасы Гунарс Кутрис: «Менин оюм боюнча, конституциялык соттук чечимдердин сапаты көп жагынан Соттон, анын профессионалдуулугунан көз каранды. Сот өз чечими менен көйгөй жарата албайт. Соттун чечими ачык жана кадыр барктуу болушу керек» -деген оюн айтты.

 

Конференцияда башкы темалардын бири катары, конституциялык соттук чечимдердин кайра кароого уруксат берилбей тургандыгы жөнүндө маселе каралды. Армениянын Конституциялык сотунун төрагасы Ким Балаян белгилегендей: «Конституциялык соттук чечимдерди кайра кароо – бул бомбанын жарылганына барабар, аны нейтралдаштырууга баардык коом катышуусу керек болуп калат».

 

Ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Нурбек Токтакунов жана Чолпон Джакупова, Конституциялык палатанын күчү анын чечимдеринин унутулгустугунда жана Президенттин, Өкмөттүн жана Парламенттин өкүлдөрүнө, анын чечимдери менен макул болбогон күнү да Конституциялык палатага боло турган бардык кысымдарды жок кылуу өтүнүчү менен кайрылышкандыгын белгилешти. Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу коомдун анын чечимдерине болгон мамилесинен да көз каранды. Эгер жарандык коомдун Конституциялык палатага болгон ишеними жогору болсо, анда анын аткарылуу деңгээли да жогору болот жана саясий максаттуулугуна болгон кысым да азыраак болот.

 

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар конституциялык соттордун чечимдерин аткаруу механизмин жакшыртууга багытталган резолюцияны кабыл алышты.

SAG_4141 - копияSAG_4088 - копия