Меню навигации+

XXII Ереван эл аралык конференциясында конституциялык конфликттерден чыгууда конституциялык соттордун ролу талкууланды

20.10.2017

2017-жылдын 19-20-октябрларында «Конституциялык конфликттерден чыгууда конституциялык соттордун ролу» темасында XXII Ереван эл аралык конференциясы өттү.

 

Бул конференцияда катышуучуларга конституциялык конфликттерди чечүү боюнча маалымат берилген, ошондой эле мындай маселелерди чечүүдө конституциялык контролдоо органдарынын мамилелери туурасында ой-пикирлер алмашуу болду.

 

Конференцияга жакынкы жана алыскы чет мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Конституциялык палатанын атынан бул иш-чарага судьялар Чолпон Осмонова жана Айсалкын Нарынбекова катышып келишти.

 

Конференциянын жүрүшүндө Ч.О. Осмонова тематикалык баяндама жасады, баяндамада каралып жаткан маселе боюнча Конституциялык палатанын тажрыйбасы тууралуу маалымат берген.

 

Армения Республикасынын Конституциялык соту, Европа Кеңешинин «Укук аркылуу демократияга» Европа комиссиясы (Венециялык комиссия), Жаңы демократия өлкөлөрүнүн конституциялык контролдоо органдарынын конференциясы, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун армян офисинин көмөктөшүүсү менен «Конституциялык маданият» эл аралык талдоо борбору конференциянын уюштуруучулары болгонун баса белгилейбиз.