Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзам долбооруна корутунду берүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

12.10.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 11-октябрында «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Корутунду берүү тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын сунуштамасын карап чыкты. Соттук отурумда башка жак катары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жана Судьялар кеңешинин өкүлдөрү келип катышты.

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын сунуштамасы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Конституциялык палата корутунду берип жатып, аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинде каралган адамдын жана жарандын өзөктүү укуктарына, аларды чектөө мүмкүндүгүнө, демократиялуу, укуктук, башкарууга дин аралашпаган мамлекеттин принциптерине, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибине шайкештигин текшерүүдө, карам-каршылыктар жок деген тыянактарга келди.

 

Ошентип, Конституциялык палата, адамдын укуктары менен эркиндиктерин, алардын ишке ашырылуу кепилдиктерине тигил же бул дэңгээлде тийиштүү мыйзам долбоорунун жоболорун карап чыгып, жогоруда аты аталган ченемдер адамдын жана жарандын өзөктүү укуктары менен эркиндиктерине, демократиялык, укуктук мамлекеттин принциптерине карама-каршы келбесин белгиледи.

 

Эл аралык келишимдерге болгон түзөтүүлөр туурасында Конституциялык палата киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын эл аралык укуктар, анын ичинде адам укуктары боюнча милдеттенмелеринен баш тартууга алып келбестигин жана адам менен жарандын өзөктүү укуктары менен эркиндиктерин эч бузбайт деп белгиледи.

 

Президенттин ыйгарым укуктары туурасында Конституциялык палата, аталган өзгөртүүлөр Президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө алып келбейт жана адам менен жарандын өзөктүү укуктары менен эркиндиктерин эч бузбайт деп көрсөттү.

 

Конституциялык палата дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде, анын ичинде парламенттик башкаруу формасы бар мамлекеттерди кошкондо, коопсуздук кеңеши, улуттук коопсуздук кеңеши сыяктуу консультативдик органдар бар экенин белгилейт, алардын башкы иш-милдети мамлекеттин бардык жашоо чөйрөсүндөгү замандын учурдагы чакырыктарына жана коркунучтарына каршы чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу, сунушталуучу өзгөртүү учурга ылайык жана ал чакырыктарга жана коркунучтарга каршы иштеген азыркы тенденцияларга жооп берет жана бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулукту бузбайт.

 

Парламенттин ишмерлигине байланыштуу өзгөртүүлөр боюнча Конституциялык палата алар парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын туруктуулугун камсыз кылууга, мыйзам чыгаруучу органдын ички уюштуруу иштерин өркүндөтүүгө багытталганын, башка бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарына тийиштик кылбайт, бирок ошонун менен бирге аткаруучу бийлик бутагынын омоктуу иши үчүн өбөлгө түзөрүн белгилейт.

 

Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызматына дайындалган депутаттардын депутаттык мандаттарынын сакталуусун караган өзгөртүүлөр аталган адамдардын Парламенттеги депутаттык мандаты күчүндөгү мөөнөт ичинде мыйзам чыгаруучу бийлик аркылуу алардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда активдүү катышуусун сактап калуу мүмкүндүгү менен шартталган.

 

Премьер-министр жылына эки жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдында Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе кое алат деген мүмкүнчүлүк туурасында Өкмөткө ишеним көрсөтүүнү ырастоо механизми мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара текшерүү каражаты болуп саналат да, бийлик бутактары ортосунда токтото туруу жана тең салмактуулук тутумун камсыз кылууга багытталып, демократиялык, укуктук мамлекеттин принциптерине карама-каршы келбейт деп Конституциялык палата белгилейт.

 

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Конституцияда жөнгө салынбаган маселелерди чечүүгө багытталган, алардын бири коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери башында турган жетекчилерди кошпогондо, Премьер-министрдин демилгеси менен Өкмөт мүчөлөрүн кызматтан бошотуу маселеси. Бул ченем Өкмөт койгон маселелерди Өкмөт мүчөсү аткарбаган учурда ага карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерин дайындоо жагындагы өзгөртүүлөр  мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарынын бөлүштүрүлүшүнө ылайык келтирүүгө багытталган.

 

Сот бийлиги бутагына тийиштүү толуктоолор жагында Тартиптик комиссиянын өзү Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар Кеңеши тарабынан теңдик башатында түзүлүүсүн Конституциялык палата боло турган жагдай катары белгилеп кетти. Ошону менен бирге, Жогорку Кеңеш Тартиптик комиссиянын мүчѳлүгүнѳ талапкерлер үчүн жалпы талаптарды аныктоочу мыйзамды иштеп чыгуу же болбосо кароо жана кабыл алууда 1985-жылдын ноябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жактырылган судьялардын көз карандысыздыгы жѳнүндѳ Бириккен Улуттар Уюмунун Негизги принциптерин, ошондой эле анын негизинде кабыл алынган судьялардын макамы жѳнүндѳ Европалык Хартияны эске алуусу керек. Хартиянын көрсөтүлгөн документтеринде каралган механизмдер судьяга карата санкция колдонуу маселесин чечүүдѳ бийлик бутактарынын башка өкүлдөрүнүн мүмкүн болгон үстөмдүк кылуусун жок кылууга жана сот бийлик бутагынын көз карандысыздык принцибин камсыз кылууга багытталган.

 

Судьяларды тандоо кеңешинен Судьялар кеңешине судьяларды ротациялоо боюнча сунуштаманы киргизүү укугунун өтүүсү судьялардын көз каранадысыздык принцибин бузбайт, себеби ротация учурлары жана которуу тартиби конституциялык мыйзамга ылайык катуу аныкталат.

 

Жогорку соттун Пленумунун токтомдорунун соттор жана судьялар үчүн милдеттүүлүгү судьялар сот адилеттигин жүзөгѳ ашырууда алардын көз карандысыздык жана өз алдынчалык принциптерине карама-каршы келбейт. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар көз карандысыз жана Конституция менен мыйзамга гана баш ийет, бирок ошону менен, алар өлкөнүн бүткүл аймагында укуктар менен эркиндиктердин бирдей корголушун камсыз кылып материалдык жана процесстик укуктун тийиштүү ченемдерин туура колдонууга милдеттүү. Ушуну менен мындай токтомдор Конституциянын жана мыйзамдардын алкагынан чыкпашы керек.

 

Конституциялык палата көрсөткөндөй, Прокуратура көзөмөлдөө ишмердигин аткарууда, анын ичинде ыкчам-издөө ишмердигин, тергөөнү, жазаларды аткарууну ишке ашырган органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө да укук коргоо функциясын аткарат. Ушуга байланыштуу, Конституциянын 104-беренесине ылайык укук коргоо органдарын реформалоо шарттарында сунушталуучу өзгөртүүлөр бийликти бѳлүштүрүү принцибин бузбайт жана укуктук мамлекеттин принциптерине ылайык келет.

 

Конституциянын 114-беренесинин 1-бѳлүгү ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн деп бекитет. Демек, Конституцияга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча референдумду ѳткѳрүү жѳнүндѳ маселе Конституциянын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына окшоштурулуп чечилиши керек, ага ылайык Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес депутаттардын демилгеси менен рефрендумга чыгарылышы мүмкүн. Конституциялык палатага корутунду берүү үчүн киргизилген «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгү менен киргизилген. Ушуга байланыштуу Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинде белгиленген тартипти бузбастан демилге кылынган деп корутунду кылат.