Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьяларынын кайрылуусу

25.01.2014

 

Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча 2014-жылдын 13-январында  кабыл алган  чечими, массалык маалымат каражаттарында кеңири талкууга алып келгендигине байланыштуу, Конституциялык палатанын судьялары тѳмѳнкүлѳрдү билдирип, кайрылууну туура кѳрдү.

 

Конституциянын үстѳмдүгүн бекитүү, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо Конституциялык сот адилеттигинин  максаты болуп саналат.

 

Ушуга ылайык, Конституциялык палатанын  чечими   мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнүн жана ишке ашуусунун конституциялык принциптерине негизделген.

 

Конституциялык палатанын, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  34-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча кабыл алган чечими, массалык маалымат каражаттарында жетиштүү жана объективдүү чагылдырылбастан, ѳз билгениндей жана негизсиз түшүндүрүүлѳрдѳн, Конституциялык палатанын чечиминин маанисин жана мазмунун бурмалаган кѳрүнүштѳр келип чыкты. Ушуга байланыштуу, Конституциялык палатанын судьяларынын дарегине алардын кесиптик-этикалык сапаттарына шек келтирген сѳздѳр  айтылды.

 

Жогоруда белгиленген кѳрүнүштѳр,  жарандардын конституциялык  сот адилеттик институтуна  болгон ишенимине, Конституциялык палата тараптан кабыл алынып жаткан чечимдердин мыйзам ченемдүүлүгүнѳ  күмѳн жаратууда.

 

Ушул жагдайларды эске алуу менен, Конституциялык палата кабыл алынган чечимдин мазмунун, маанисин жана юридикалык күчүн түшүндүрүүнү, жарандык коомдун, улуттук жана Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясынын эксперттеринин, мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлигинин, прокуратуранын ѳкүлдѳрүнүн  катышуусу менен, массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдыруу менен,   ачык талкуулоого даяр экенин билдирет.

 

Судьялар:                                                                 

Ч.А. Айдарбекова

М.Р.Бобукеева

М.Ш.Касымалиев

Дж.М. Макешов

Э.Т. Мамыров

Э.Ж. Осконбаев

Ч.О. Осмонова

К.С. Сооронкулова