Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

05.05.2021

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

5-май Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн башкы документи – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынуусун жар салган маанилүү күн.Ушул күнү легендарлуу парламент тарабынан мамлекеттин Баш Мыйзамынын жактырылуусу көз карандысыз жаш Кыргызстандын бутуна бекем туруусуна жол берди. Бул документ эгемендүү мамлекеттүүлүктү калыптандыруунун жаңы этабынын башталышын белгиледи.

 

Конституция – демократиялык жана укуктук мамлекетти куруунун бышык пайдубалы. Баш Мыйзамдын өзүндө адамдын, жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жар салынат, мамлекеттик бийликти куруунун конституциялык принциптери бекийт, башка мыйзамдардын негизинде болууга тийиш негизги кепилдиктер аныкталат.

 

Бул конституциялык ченемдерди так сактоо – мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий жана башка тармактарынын мындан ары ийгиликтүү өнүгүүсүнүн кепилдиги.

 

Ушул мааракелүү күнү ар бир кыргызстандыкты Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубатчылык жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүүнүн жана туруктуулуктун болушун каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

төрагасы К.А. Дуйшеев