Меню навигации+

Конституциялык палатасынын төрагасы К.А. Дуйшеевдин Сот тутумунун кызматкеринин күнү менен куттуктоосу

05.03.2021

Урматтуу судьялар, ардагерлер жана сот кызматкерлери!

 Кесиптик майрамыңар болгон Сот тутумунун кызматкери күнү менен куттуктайм!

 

Сот тутуму укуктук мамлекеттин калыптанышына көмөк болуп, ал укуктун жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун таасирлүү көрсөткүчү. Ошон үчүн Кыргыз Республикасындагы ар бир адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоодо мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн, кесипкөйлүктүн жана тазалыктын кепили силердин ишиңер болсун, ошондой эле элдин ыраазычылыгы сот тутумуна урмат менен ишенимден көрүнсүн.

 

Ушул жөрөлгөлүү күнү силерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, туруктуулук каалайм жана ишиңердин татаалдыгына карабастан силерди ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын төрагасы                      

К.А. Дуйшеев