Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы К. Дуйшеев Конституциялык жана Жогорку сотторунун Ислам кызматташтыгы уюмунун байкоочуларынын конференциясына катышты

17.09.2021

2021-жылдын 15-17-сентябрь күндөрү Индонезия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган Конституциялык жана Жогорку сотторунун Ислам кызматташтыгы уюмунун (мындан ары – ИКУ)  байкоочуларынын Экинчи соттук конференциясы болуп өттү.

 

Иш-чара онлайн тартипте «Адам укуктары жана конституционалдуулук: мусулман өлкөлөрүнүн сот органдарынын салымы» деген темада өткөрүлүп, ага ИКУга мүчө мамлекеттердин 38 Конституциялык жана Жогорку сотторунун жана аларга шайкеш институттардын жетекчилери жана өкүлдөрү, чакырылган соттор жана эл аралык уюмдар катышышты.

 

Конференциянын жүрүшүндө катышучулар тематикалык баяндамаларды жасашты, жумушчу комитеттин отчетун угушту, ошондой эле конференциянын корутундулоочу күнү жактырылган Баднунг декларациясынын долбоорун талкуулашты.