Меню навигации+

Конституциялык палатанын Төрагасы жана Борбордук Азия боюнча Евросоюздун Атайын өкүлү кызматташтык жаг маселелерди талкуулашты

01.09.2016

2016-жылдн 1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров, орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Мээргүл Бобукеева айым Борбордук Азия боюнча Европа Союузунун Элчиси, Атайын өкүлү Петер Буриан, анын кеңешчиси Кристин Хельтге айым, Кыргыз Республикасындагы Европа Союзу өкүлчүлүгүнүн саясат бөлүмүнүн башчысы Яап Орам менен жолугушту.

 

 Жолугушуунун жүрүшүндө Европа Союзунун өкүлдөрүнө Конституциялык палатанын ишмерлиги,  Европа Союзу каржылаган Конституциялык палатасынын ишмерлигин колдоо боюнча долбоорлор тууралуу да маалымат берилди.

 

 Тараптар аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылуусун белгилеп кетишти, ал өз кезегинде конституциялык контролдун калыптануусуна жана өнүгүүсүнө, Конституциялык палатанын баркынын көтөрүлүшүнө жана коомдун алдында ишенимин арттырууга жагымдуу чөйрөнүү түзүүгө көмөктөшүп турду.

 

 Конституциялык палатанын Төарагасы Э.Мамыров Европа Союзунун өкүлдөрүнө колдоосу жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда конституциялык текшерүү институтун бекемдөө жана өнүктүрүү жагында кызматташтыкты улантуу зарылчылыгын баса белгиледи.

 

 Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар келерки конституциялык реформа маселелерин да учкай кеп кылып кетишти.