Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Туркия Конституциялык сотунун 55 жылдыгына арналган эл аралык конференциясына катышууда

26.04.2017

Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т.Мамыров 2017-жылдын 25-апрелинен 28-апрелине чейин Анкара шаарында Туркия Конституциялык сотунун 55 жылдыгына арналган “Конституциялык соттор негизги укуктардын коргоочулары катары” темадагы эл аралык конференциясынын ишине катышууда.

 

Конференциянын иши “Коргоо жана эркиндик ортосундагы тең салмактуулукта конституциялык соттордун ролу” жана “Өзгөчө абал шарттарында негизги укуктарды коргоодо конституциялык соттордун ролу” темалардагы эки сециялык отурумдун, ошондой эле “Конституциялык соттордун мыйзам чыгаруу, аткаруу жана башка соттук органдар менен өз ара мамилеси” темасындагы тегерек столдун алкагында өтүүдө.

 

Конференциянын жүрүшүндѳ Конституциялык палатанын төрагасы жарандардын негизги укуктарын коргоо жана сактоо боюнча Конституциялык палатанын тажрыйбасы тууралуу баяндама менен чыгат.