Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын судяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

19.04.2017

2017-жылдын 19-апрелинде Конституциялык палата  Кыргыз Республикасынын судьялары кызмат ордуна Юриспруденция" адистиги багытында "бакалавр" академиялык даражасы бар болгон учурда, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку юридикалык билими боюнча талапкерлер үчүн каралган «Кыргыз Республикасынын судяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарынын жана 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш каралган.

 

Бул ишти кароонун жыйынтыгында талашылып жаткан ченемдерди КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган.

 

Конституциялык палата өз чечиминде судьялардын конституциялык-укуктук статусунан жана судьялар соттук бийликтин коомдук-укуктук милдеттерин жүзөгө ашырып жаткандыгынан келип чыкканда, аларга жогорку профессионализм, компетенттүүлүк, жоопкерчилик, тиешелүү даярдык, билимдер жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөр сыяктуу жогорку талаптар коюлат.

 

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу болушунча натыйжалуу адилет соттун ашырылышына, соттук иштердин сапаттуу каралышына көмөк болгон судьялардын квалификациясына жогорку стандарттарды белгилөө керек, анткени судьянын ишмерлиги көптөгөн укуктук актыларды колдонууга жана түшүндүрүүгө байланыштуу.

 

Демек, соттук курамга укук жаатында ар тараптуу жана терең билими болбогон адамдардын келишин жокко чыгаруу үчүн мыйзам чыгаруучу судьялардын кызмат ордуна келүүчү судьялардын билимине талаптарды детализация кылган, анткени, жогорку кесиптик билим берүүнүнүн эки деңгээлдүү билим берүү системасында, маселен, “юриспруденция” багыты боюнча бир гана деңгээлдеги окуудан бүтүрүүчүлөрдүн өтүүсү жогорку укуктук квалификациясына кепилдик болбойт.

 

Судьялардын компетенциясына жана профессионализмине жарандардын күмөндүүлүктөрү коомдук бийликтин аракеттеринин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө күмөн ойлорду кетириши мүмкүн, анткени адилет сотту жүзөгө ашыруу конституциялык институттардын негизгилеринин, мамлекеттүүлүктүн пайдубал элементтеринин бири болуп саналат.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу Мамыров Эркинбек Тобокелович

Судья - баяндамачы  Киргизбаев Куанбек Манаевич