Меню навигации+

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» КР Мыйзамынын 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 21-беренесинин 3, 5, 7-бөлүктөрүнүн, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-5 пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

03.11.2016

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 2-ноябрында «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык палата ишти карап чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

 

 

1. Адамдын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн ар түркүн жана көбөйүп турган жазык коркунучутар менен коштолгон шарттарда мыйзам чыгаруучу уюшкан кылмыштуулукка каршы укуктук механизмерди орнотууга ыйгарым укуктуу, дал ушул иш «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аркылуу ишке ашырылган.

 

Бул Мыйзамда уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адамдарга карата чектөө мүнөзүндөгү чаралар каралган. Конституциялык палата көрсөтүлгөн чаралар коомду жана анын мүчөлөрүн кооптуу кол салуулардан коргоо максаттарында колдонуларын жана жазык мыйзамында каралган жаза катары каралышы мүмкүн эмес деп белгилеп кетти. Айрым укуктар менен эркиндиктерди мындай чектөөлөрдүн алдын алуу даремети бар каражат катары кызмат кылат, ал адамдын же адамдар тобунун кылмышка баруусуна бөгөт коет.  Уюшкан кылмыштуулук мамлекеттин коопсуздугуна, коомдук тартибине да, жарандардын коомдук коопсуздугуна да кол салчудай, ушуга байланыштуу талашылып жаткан Мыйзамдын чектөө мүнөзүндөгү чараларына Кыргыз Республикасынын Конституциясында жол берилет жана алар баш мыйзамга каршы келбейт.

 

2. Аталган Мыйзамда алдын ала таасир этүү чараларын колдонууга тийиштүү материалдарды сот тарабынан кароодо адвокаттын катышуусуна тике жол берген жобонун жоктугу мындай чаралардын адамга карата колдонулуусу жана аны тартуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Ар кимге кесипкөй юридикалык жардам алуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилгени менен, кайсы бир адамды формалдуу түрдө шектүү же айыптуу деп таануу, ага адвокаттын жардамы сөзсүз берилиши керек деген сөз эмес. Эгер ыйгарым укуктуу бийлик органдары тарабынан конкреттүү бир адамга, анын эркиндиги менен жек кол тийгистиги реалдуу чектеген чаралар кабыл алынса, анда ар кимге, анын формалдуу процесстик статусуна карабастан адвокаттын юридикалык жардамын алуу укугу кепилдикке алынат.

 

3. Процесстин катышуучуларын, тийиштүү сыр белгиси бар иштин материалдары менен таанышуусуна чектөө коюулушу ырас, себеби бул жагы улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, калктын адебин жана саламаттыгын камсыз кылууга багытталган. Мамлекеттик сыр жөнүндө малыматтарды камтыган материалдарды жайылтуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттин кызыкчылыктарына орду толгус зыянды келтириши мүмкүн.

 

4. Ыкчам-алдын алуу көзөмөлгө алуу жөнүндө соттун чечимине даттануу мүмкүндүгү, мындай көзөмөлгө алынган адамдын укуктарын камсыз кылууда кошумча кепилдик болуп саналат. Бирок, мыйзам чыгаруучу мындай категориядагы материалдарды каралуу соттук өндүрүшүнүн процесстик тартибин, ошондой эле ыкчам-алдын алуу көзөмөлгө алуу жөнүндө соттук актыга даттануу тартибин жана сот койгон милдеттенмелердин түрлөрүн колдонуусун жөнгө салган эмес, бул жагдай мыйзамдагы өксүк катары каралуу керек. Жогоруда аты аталган сот өндүрүшүнүн процесстик тартибин жөнгө салынбай тургандыгы талашылып жаткан ченемдин КР Конституциясына каршы келет деген негиздемеге кызмат кылышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу аталган өксүктүн ордун толтурууга тийиш.