Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча пресс-релиз

14.02.2018

Конституциялык палата 2018-жылдын 14-февралында «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө, судья катары, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында, Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары беш жылдык иш стажысы бар адамдарды адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык сынактан ѳтүүдѳн бошотууну караштырган 19-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-4-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдердин Конституциянын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келүүсү жѳнүндѳ чечим чыгарды.

 

Конституциялык палата ѳзүнүн чечимин тѳмѳнкү тыянактар менен негиздеди.

 

Мамлекет, сот адилеттигинин натыйжалуу тутумун куруу жана квалификациялык юридикалык жардам каражаттарынын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча конституциялык-маанилүү милдеттерин аткарууда юридикалык жардам берүү милдети жүктѳлѳ турган адамдарды тандоонун атайын тутумусуз иштей албайт. 

 

Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана рухуна ылайык ѳзүнүн ченем жаратуу ишинде социалдык адилеттүүлүк идеясын билдирүү жана аны коомдун жашоосуна киргизүү катары тең укуктуулук жана дискриминацияга жол бербѳѳ принциптерин так карманууга милдеттүү. Бул, анык зарыл болгон учурлардан тышкары бардык адамдар бирдей укуктук статуска ээ болушу керек, башкача айтканда бирдей кѳлѳмдѳгү жана мазмундагы укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге, ошондой эле аларды жүзѳгѳ ашыруу жана коргоо боюнча бирдей мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ болушу керек дегенди билдирет.

 

Укуктук ченемдерде ар кандай категориядагы адамдардын юридикалык статусунда ѳлчѳмдѳш айырмачылыктарды орнотууга жол берүүчүлүк жана максатка ылайыктуулугу, жекече, алардын айрымдары үчүн жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды бекитүү «позитивдүү дискриминация» максатында гана, формалдуу тең укуктуулук принцибин колдонуу аркылуу коомдук жашоонун кайсы бир чѳйрѳсүндѳ же адамдардын кандайдыр бир категориясына карата түзүлгѳн кырдаалдын адилеттүлүгүнѳ жетишүү мүмкүн болбой калган учурда мүмкүн. Башкача айтканда, «позитивдүү дискриминация» мамлекет тарабынан кандайдыр бир белгилер боюнча адамдардын алсыз категориясына жогорулатылган кепилдиктерди берүү аркылуу коомдо чыныгы тең укуктуулукту орнотууга багытталган позитивдүү аракеттерди кылууну билдирет. Бул акыркыларга адамдын экономикалык, социалдык, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырууда аларга коомдогу башка социалдык топтор менен тең мүмкүнчүлүктѳрдү түзѳ турган кээ бир артыкчылыктарды берүү боюнча чаралар. Тең укуктуулук жана дискриминацияга жол бербѳѳ принциптерин бузуу болуп мыйзамда андан четке чыгуунун болуу фактысынын ѳзү эмес, жарандардын ѳзүнчѳ категориясы үчүн негизсиз артыкчылыктарды бекитүү эсептелет.

 

Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу тарабынан бекитилген жалпы эрежеден четке чыгуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-, 2-, 3-, 4-пункттарында кѳрсѳтүлгѳн адамдар үчүн ѳзгѳчѳ мүмкүнчүлүктѳрдү түзүү менен объективдүү жана жѳндүү себепке ээ эмес, аларды башка субъекттерге карата тең эмес укуктук абалга коюп, теңсиздик үчүн укуктук негизди түзѳт.