Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасына жарандар Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

11.01.2018

2017-жылдын 28-сентябрында Конституциялык палатага жарандар Р.Р. Карасартованын, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашевдин, У.А. Абдыкаимовдун экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү үчүн жазык жоопкерчилигин караган жазык кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына тактоолорду киргизген «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2013-жылдын 3-августундагы № 180 Мыйзамдын 1-беренесинин 9-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 20-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-, 5-пункттарына, 32-беренесинин 1-бөлүгүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

 

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 2-ноябрында өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган.

 

Р.Р. Карасартова, Омуркул уулу У., Б.Р. Жалгашев, У.А. Абдыкаимов жогоруда көрсөтүлгөн аныктама менен макул болбостон 2017-жылдын 7-декабрында Конституциялык палатага даттануу менен кайрылган.

 

Конституциялык палата 2018-жылдын 11-январында даттанууну карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык жарандар жана диний уюмдар өздөрү тандаган тилдеги диний адабияттарды, ошого тете эле диний арналыштагы башка предметтерди жана материалдарды кудайга табынуу жайларында жана атайын дүкөндөрдө гана сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 22-беренесинин 8-бөлүгүндө Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет деп белгиленген, ал эми жогоруда аталган аракеттер үчүн жоопкерчилик Жазык кодексинин 299-2-беренесинде белгиленген, анда «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» жана «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамдарда белгиленген ченемдерди бузуу үчүн конкреттүү санкцияларды карайт.

 

Конституциялык палата мыйзам чыгаруучу тарабынан жогоруда аталган мыйзамдардын талаптарын бузуу үчүн санциялардын белгилениши алардын конституциялуулугунда күмөндүүлүүктү туудурбайт. Ушуга байланыштуу, судьялар коллегиясынын талашылып жаткан ченемде укуктук күмөндүүлүк жок деген тыянактары негизделген болуп саналат, анткени жогоруда аталган мыйзамдарды бузуу үчүн жазык жоопкерчиликтин белгилениши мыйзам чыгаруучунун ченем жаратуу ишмерлигинин логикалык уландысы болуп саналат.