Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы аныктамасына Б.Р. Жалгашевдин даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз

20.09.2017

2017-жылдын 15-майында «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 жарлыгы Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна карама-каршы келет деп таануу жөнүндө Б.Р. Жалгашевдин өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 22-июнунда өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алган.

 

Конституциялык палата 2017-жылдын 19-сентябрында Б.Р. Жалгашевдин Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы №34 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата кайрылуучу талашылып жаткан ченемдик укуктук акт анын конституциялык укуктарын кантип бузуп жаткандыгын ачып бербей, өтүнүчтө көрсөтүлгөн конституциялык ченемдер менен талашылып жаткан Жарлык менен регламенттелген маселелер ортосундагы өз ара байланыштын болуусун ырастоочу укуктук мүнөздөгү жүйөлөрдү келтирбегендигин, бул жагдай талашылып жаткан ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу маселесинде күмөндүүлүктү аныктоого мүмкүндүк бербей тургандыгын белгилеген.