Меню навигации+

«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндөгү иш боюнча пресс-релиз

06.12.2017

«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжановдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү жөнүндөгү өтүнүчү 2017-жылдын 23-майында келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 23-июнунда кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алышкан.

 

«Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжанов жогоруда көрсөтүлгөн даттануу менен макул болбостон, 2017-жылдын 13-ноябрында даттануу менен Конституциялык палатага кайрылган.

 

2017-жылдын 5-декабрында Конституциялык палата «Агрохимсервисцентр» ЖАКтын директору Н. Маматжановдун Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 35 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун карап чыгып, аны канааттандыруусуз калтырды.

 

Мында Конституциялык палата судьялар коллегиясынын тыянктарынын негиздүүлүгүн белгилеген, арыздануучунун жүйөлөрү салык төлөөчүлөрдүн адилет сотко жалпы жонунан жетишүүсүнө барып такалган жана бул маселе конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болуп, жыйынтыгында арыздануучунун аргументтерине толугу менен жооп берген чечим кабыл алынган болуучу (Конституциялык палатанын 2017-жылдын 17-февралындагы чечими). Арыздануучунун укук формаларын туура эмес колдонуусу, анын ичинде Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылбай жаткандыгы тууралуу жүйөлөрү укук колдонуучулук тажрыйба жана судьялардын кабыл алып жаткан чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн алардын жоопкерчилиги жаатында турат да, Конституциялык палата чечкен маселелердин алкагына кирбейт.

 

Ошондой эле Конституциялык палата Н. Маматжанов Салык кодексинин 149-беренесинин 7-бөлүгүн текшерүүнү талап кылып, өтүнүчүтүн баштапкы мазмунунан келип чыкпаган жүйөлөрдү келтирүүдө. Ошон үчүн Конституциялык палата судьялар коллегиясынын аныктамасын кайра кароо тартибинде бул жагдайга баа берүүгѳ ыйгарым укуктуу эмес. Каралган иштин алкагында изилденгенден тышкары, Конституция тааныган башка укуктар жана эркиндиктеринин көз карашынан, арыздануучунун талашылып жаткан ченемди текшерүү жөнүндө талабы менен бирге ушул көз карашы Конституциялык палатага өзүнчө кайрылуусунун предмети болушу мүмкүн.