Меню навигации+

Президент Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды

25.02.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  25-февралда   Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

 

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

 

Эркинбек Мамыров ошондой эле талаш-тартыш жараткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салууда укуктук кенемтелердин бар экендиги көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын чечимдеринин  мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышынын абалы жөнүндө да айтып берди. Ал укуктук жөнгө салуудагы кенемтелерди өз убагында толтурбоо жарандардын жана юридикалык жактардын Конституцияда кепилденген укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келет деп белгиледи.

 

Президент Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатанын чечимдери бардык мамлекеттик органдар тарабынан кыйшаюусуз аткарылышы зарылдыгын жана конституциялык контролдоо органынын чечимдерин регламенттөөчү аракеттеги мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек экенин баса белгиледи. Өлкө Конституциясы тарабынан кепилденген жарандардын укуктары жана эркиндиктери, анын ичинде Конституциялык палатанын чечимдеринде көрсөтүлгөн кенемтелерди толуктоо аркылуу да, бардык бийлик бутактары тарабынан толук көлөмдө камсыз этилиши керек.