Президент Конституциялык палатанын төрагасына Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөсүн тапшырды
27.01.2017
![](https://constsot.kg/wp-content/uploads/2017/01/26436-e1485505627722.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн салтанаттуу азем учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Салтанаттуу аземге Жогорку Кеңештин спикери, Премьер-министр, КР Жогорку сотунун төрайымы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, Конституцияга өзгөртүүлөрдүн демилгечилери болушкан Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери, Жогорку Кенештин вице-спикерлери, комитеттердин төрагалары, Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги, КР Башкы прокурору, КР Эсептөө палатасынын төрагасы, КР вице-премьер-министрлери катышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон соң Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековго, өлкө Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго, КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго Конституциянын текстинин түп нускасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.