Меню навигации+

Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушту

04.05.2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-май күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын кабыл алды.

 

Мамлекет башчысы Конституциялык палатанын судьяларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын келе жаткан Күнү менен куттуктады.

 

Президент өзүнүн куттуктоо сөзүндө Конституциялык палата мамлекеттин турмушунда стабилдүүлүктү камсыз кылууда чоң роль ойной тургандыгын баса белгилеп кетти. Президент белгилегендей, сот тутуму мамлекеттин турмушунда өзгөчө орунду ээлейт жана өзүнүн ишмердигин саясатташтырбастан коомдун стабилдүүлүгүнүн жана тазалыгынын кепилдиги үчүн иштеп келет.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы Э.Т. Мамыров Мамлекет башчысына жакшы салтка айланып калган Конституция Күнүнө карата жолугушуулар үчүн ыраазчылыгын билдирген.

 

Э.Т. Мамыров Конституциялык палатанын ишмердиги, келчектеги пландары жана милдеттери, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө кыскача баяндап берди. Ошондой эле Төрага Конституциялык палата ага жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз аткарууга жана Конституциянын алкагында, анын негизги баалуулуктарын бекитип жана бекемдеп иштөөгө аракет кылып жатканын билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын белекке берди.