Меню навигации+

«Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза» ЕБ долбоору Конституциялык сотко компьютердик жабдыктарды өткөрүп берди

12.07.2021

Бүгүн Конституциялык сотто «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза» ЕБ долбоору сатып алган компьютердик жабдыктарды өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

 

Техниканын өткөрүп-кабыл алуу аземине Конституциялык соттун төрагасы К.Дуйшеев, «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза» ЕБ долбоорунун (андан ары – Программа) жетекчиси Стефан Кареклас, ошондой эле Программанын эксперттери Александру Тэнасе жана Ильгиз Приев мырзалар катышты.

 

Конституциялык соттун төрагасы К.Дуйшеев Программага соттун ишин санариптештирүү боюнча көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди жана компьютерлерди жаңыртуу соттун эскирген техникасынын алмаштыруу боюнча көйгөйүн чечүүгө жол берет деп белгиледи.

 

Төраганын пикири боюнча компьютердик техниканын сапаттуу иштөөсү соттун ишинин ыкчамдуулугун камсыз кылууга жол берет.

 

Өз кезегинде, Стефанос Кареклас мырза жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын жүрүшүндө соттун ишин санариптештирилүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана Программа менен кызматташуу үчүн Конституциялык соттун төрагасына ыраазычылыгын билдирди.

 

Андан ары, тараптар 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына Аракеттер планын талкуулашты жана белгиленген маселелерде кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө үмүтүн билдиришти.