Меню навигации+

Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери үчүн коммуникация боюнча тренинг өттү

21.04.2014

17-18-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын кызматкерлери үчүн коммуникация жана пландаштыруу боюнча билимин өнүктүрүү боюнча тренинг өттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери жана БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын өкүлдөрү катышты.

 

Бул тренингден алынган билимдер жана жѳндѳмдѳр Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлерине ички жана тышкы коммуникацияда түзүлгѳн проблемаларды чечүүгѳ жардам берет. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар эксперттер менен коммуникациянын маанилүү маселелерин талкуулашты жана Конституциялык палатанын Аппаратынын ички коммуникациясын калыптандыруу планын белгилешти.

Тренинг Европа Союзу тарабынан каржыланган, Конституциялык палатаны колдоо боюнча Долбоордун алкагында БУУнун Ѳнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулду.