Меню навигации+

Конституция күнүнѳ карата студенттер үчүн республикалык конкурс

25.03.2016

БУУѲПнын «Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана туруктуулукту алдыга жылдыруу үчүн укуктун үстѳмдүгүн бекитүү» долбоорунун техникалык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнѳ карата «Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы» темасында студенттер арасында конкурс жарыялайт.

Конкурс студенттердин мамлекеттин негизги мыйзамы болгон Конституцияга мамилесин ачкан эң жакшы материалдарды (эссе, дил баян, аңгеме, ыр, видео жана фотоматериалдар, сүрѳт жана башка кѳркѳм жана интеллектуалдык чыгармачылыктын натыйжасы) аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

 

Конкурска ким катыша алат?

– республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

 

Конкурстук материалдарга болгон талап

Конкурстук материалдар кыргыз же орус тилинде берилиши мүмкүн Тексттик материал – 3 барактан кѳп эмес;

Видеоматериал – 10 мүнѳѳттѳн кѳп эмес.

Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

Табыштама формасын толтуруу керек.

 

Материалдар кандай түрдѳ берилет?

– видеоматериалдар видео же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтемдер жана автор жѳнүндѳ маалымат жиберилет;

– фотоматериалдар уюштуруучуларга электрондук почта боюнча jpeg форматында автор жѳнүндѳ маалымат менен жиберилет;

– сүрѳттѳр pdf форматында сканерленип, уюштуруучуларга электрондук почта боюнча автор жѳнүндѳ маалымат менен жиберилет;

– тексттик материалдар электронндук же кагаз түрүндѳ берилиши мүмкүн.

 

Материалдарды баалоо критерийлери

– жаңыча жана инновациялык мамиле;

– теманы ачуу деңгээли;

– так жана логикалык баяндоо;

– мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

– креативдүүлүк.

 

Сыйлыктар

1-орун – планшет, 2-3- орундар – смартфондор.

Жеңүүчүлѳр Конституционализмдин жайкы мектебине катышуучу болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле 4-5-орунду ээлеген студенттер үчүн кызыктыруучу приздер жана Конституциялык палатада тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк каралган.

 

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо 2016-жылдын май айынын башында Конституциялык палатада Ачык эшик күнүндѳ ѳткѳрүлѳт.

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп табылган студенттер сыйлоо аземине катышуу үчүн ѳздѳрүнүн каражатынан Бишкек шаарына келүүгѳ байланыштуу болгон чыгымдарды тѳлѳшѳт.

 

Материалдарды кантип жиберүү керек?

Бардык материалдар 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 39 дарегине почта менен же info@constsot.kg электрондук почтага жиберилиши мүмкүн.

Байланыш тел. 0312 66 07 Назгуль Нурбекова

Конкурстук материалдар 2016-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат.